Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Иран: жер титирөөдөн 30дан ашык адам мерт болду


Тегерандагы мамлекеттик маалымат каражаттар Ирандын түштүк-батышындагы зилзаладан дагы 850дөй адам жаракат алганын кабарлады. Куткаруу, жабыркагандарга жардам берүү уланууда.

Зилзала “Бушер” өзөктүк электр станциядан анча алыс эмес жерде болду. Ирандын ырасмий бийлиги жана станциянын курган орусиялык компания “Бушер” өзөктүк станциясы жабыр тартпаганын кабарлады. АКШнын Геологиялык кызматынын маалымдашынча, жер силкинүүнүн күчү 6,3 балл болду.

Кырсык болгон аймакта 10 миңдей адам жашайт, жер титирөөнүн айынан суу, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады. (EBM)

XS
SM
MD
LG