Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:32

Президент этнос аралык мамилени чыңдоо боюнча концепцияга кол койду


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы элдин биримдигин жана этнос аралык мамилени чыңдоо боюнча концепцияга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган концепция өлкөдөгү улуттук биримдикти чыңдоо жана туруктуу өнүктүрүү, этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу боюнча узак мөөнөттүү чараларды кабыл алуу, тең салмактуу жана натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү максатын көздөйт. Буга чейин концепция өлкөнүн Коргоо кеңешинин жыйынында талкууланган болчу.(BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG