Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

“Ар-намыс” соттордогу коррупция боюнча УКМКны угат


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясы соттордун укукка жат чечимдери, коррупциялык көрүнүштөр тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматын угат. Жыйынга УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев, Жогорку Сот төрайымы Феруза Жамашева чакырылды. Парламентте буга чейин жемкорлук менен кармалган мамлекеттик кызматкерлерди айрым соттор актап жатканы айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 500гө жакын судья бар. Соңку үч жылда 36 судья кызматтык жоопкерчиликке тартылып, 8 судья кызматынан бошотулган. Арасында пара менен кармалгандары бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG