Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Абдылдаев Казакстандын тышкы иштер министри менен жолукту


Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн Казакстанстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчылары соода-экономика, маданий-гуманитардык тармактар боюнча орчундуу маселелерди талкуулашты.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдын Казакстанга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Анда Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин жана мындан аркы келечегин талкуулашты.

XS
SM
MD
LG