Кошмо Штаттардын каржы министрлиги адам укуктарын бузууга шектелген деп “кара тизмеге” илинген 18 орусиялык жарандын аты-жөнүн жарыялады. Тизмедеги адамдардын Магнитскийдин ишине тиешеси бар деп эсептелет, бирок анда жогорку кызыматтагы аткаминерлерден эч ким жок. Магнитскийди камакка алууга чечим чыгарган сот Сергей Подопригоров, тергөө тобунун жетекчиси Олег Сильченко жана «Матросская тишина» тергөө абагынын башчысы Иван Прокопенко жана башкалар бар.
Жума күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Швейцарияга сапары маалында Кошмо Штаттар “кара тизмесин” жарыяласа, Кремль дагы буга “жооп берээрин” айткан. Америкалыктардын тизмеси жарыялангандан кийин Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитет башчысы Алексей Пушков Орусияга кирүүгө тыюу салынган америкалыктардын тизмеси жарыяланаарын билдирди.
Өткөн жылдын декабрь айында АКШ Конгресси кабыл алган “Магнитский мыйзамына” ылайык, “кара тизмеге” кирген кирген орусиялык аткаминерлерге каршы финансылык жана визалык санкциялар киргизилет.
Орусиялык юрист Сергей Магнитский салык төлөөдөн баш тарткан деп 2009-жылы Москвадагы тергөө абагына камалып, ошол жерден каза тапкан.