Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Бишкектеги Джаз фестивалын этноаспаптар коштойт


19-апрелден 21-апрелге чейин Бишкекте 8-джаз фестивалы өтөт. Ага Европа, АКШ жана Борбор Азиядагы 9 өлкөдөн джаз топтору келет. Бул фестиваль этноаспаптардын коштооосунда джаз стилинде ойноо менен өзгөчөлөнөт.

Эл аралык джаз фестивалы Кыргызстанда жылда эки жолу уюштурулуп келатат. Иш чарага Борбордук Азиянын музыканттары, композиторлору, джаз адистери жана музыка таануучулар келет. Кыргызстанда акыркы жылдары джаз топтору көбөйүп келатат. Бул фестивалда дагы жаңы джаз тобу - “Брасс квинтет” эл алдына чыгат. Фестиваль Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында кечки саат алтыда башталат. (AKu)

XS
SM
MD
LG