Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:55

Британ тышкы мекемеси 27 өлкөдөгү адам укуктарына камтама


Британиянын тышкы иштер министрлиги дүйнөдөгү Адам укуктары жана демократиянын 2012-жылдагы абалын талдаган докладын жарыялап, “өзгөчө камтама” кылган 27 өлкөнү атаган.

Отчеттун авторлору Ооганстанды аялдар, балдар жана азчылыктардын укуктарын коргоого, эмки жылдагы парламенттик шайлоону калыс өткөрүүгө үндөдү. Беларуста болсо адам укуктарын бузуу фактылары жана адилетсиз шайлоолор тынчсыздануу жаратаары айтылат. Ал эми Иран өкмөтү коркутуп-үркүтүүлөрдү жана туш келди камакка алууларды куугунтуктоо жана көзөмөл куралы катары пайдаланууда, - дешет баяндаманын авторлору.

Отчетто Россиядагы парламенттик жана президенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар жана акыркы апталарда бейөкмөт уюмдарды тизгиндөө аракеттери, Түркмөнстан жана Өзбекстандагы адам укуктарын бузуу учурлары сындалат.

XS
SM
MD
LG