Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Атамбаев Бордюжаны кабыл алды


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук жана кызматтык уюмунун баш катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Анда Бордюжа президентке ушул күндөрү Кыргызстанда өтүп жаткан ЖККУнун көчмө жыйынынын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ЖККУнун алкагында быйыл өтчү иш-чаралардын планы тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

ЖККУга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Аталган аскердик-саясий уюмга алты мамлекет - Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Беларус мүчө. Өзбекстан былтыр уюмдан чыгып кеткен болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG