Бүгүн Орусиянын Сочи шаарында эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) 76-Конгресси башталды. Бул тууралуу жыйынга катышып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы Кабыл Макеш кабарлады.
Жыйынды Орусиянын спорт министри Виталий Мутко ачып, Сочи шаары 2014-жылы кышкы олимпиаданын алдында журналисттерге даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берүүнү максат кылганын, AIPSтин Конгресси Орусияда экинчи ирет өтүп жатканын билдирди.
Ассоциациянын президенти, италиялык Жанни Мерло 1979-жылы Москва олимпиадасынын алдында да Орусиянын спорт журналисттер федерациясы дүйнөлүк жыйын өткөргөнүн, андан бери журналистиканын деңгээли өскөнүн, спортту чагылдыруудагы журналисттердин ролун белгиледи.
Жыйын 19-апрелге чейин уланат. Конгрессте Эл аралык спорт журналисттер бирикмесинин жетекчилерин кайра шайлоо да болмокчу. Жыйынга 113 өлкөнүн спорт журналисттери катышууда. (KMa)