Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Индияда өкмөт башчысы аялдардын макамын көтөрүүгө чакырды


Индияда зордукталган эселек кыздын абалы оңолуп келатканы кабарланган маалда өкмөт башчысы Манмохан Сингх сексуалдык зордукчулук менен күрөштө аялдардын коомдогу макамын көтөрүү зарыл экенин мындайча белгиледи:

– Бардык жоопкерчиликтүү жарандар биздин өлкөдө аялдардын коомдук жана экономикалык таасирин күч алдырууга салым кошушубуз керек, бул биздин өзгөчө милдетибиз. Биз бул жаатта кеңири улуттук кыймылга муктажбыз.

Дарыгерлер аёосуз зордукталган кыздын абалында «оңолуунун» белгилери бар экендигин жекшембиде билдиришти. Беш жаштагы кызды баш калаа Нью-Делиде 40 саат улам кайра зордогон шектүү кылмышкер камакка алынган. Өлкөдө эки күндөн бери зордукчулукка каршы демонстрациялар өтүүдө. Декабрда студент кызды алты киши мыкаачылык менен зордуктагандан кийинки нааразылык толкунунан соң өкмөт зордукчуларга каршы жазаларды күч алдырган эле.

XS
SM
MD
LG