Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Сирияда ондогон жөн-жай тургун набыт болду


Активисттер борбор калаа Дамасктын жанындагы өкмөттүн чабуулдарынан ондогон жөн-жай тургун набыт болгонун билдиришүүдө. Сириядагы адам укуктары боюнча обсерватория Ждейд ал-Фадл аймагындагы өкмөттүн беш күндүк чабуулдарынан кеминде 80 киши мерт кеткенин кабарлады. Башка активисттер өлгөндөрдүн саны 250гө чукулдаганын айтышууда. Сириянын өкмөттүк “Сана” агенттиги армия Ждейд ал-Фадлда “террорчуларды чоң жоготууга учуратканын” жазды. Ал тапта коңшу Иордания БУУнун Коопсуздук кеңешин Сириядагы качкындар маселесин чечүүгө үндөгөнү жатат. Иордания тарап 2011-жылдын март айынан тарта өлкөгө жарым миллиондой сириялык келгенин, алардын саны улам өсүп жатканын билдирүүдө. Жума күнү бул өлкөдөгү качкындардын ири лагеринде жаңжал чыгып, он полиция кызматкери жана бир топ сириялык качкындар жарадар болгон.(KKs)

XS
SM
MD
LG