Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 01:22

Калмамбетов менен Султанов министрлик кызматтан бошоду


Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовду башка ишке өткөнүнө байланыштуу, ал эми социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановду өзүнүн арызы боюнча кызматтан бошотту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

12-апрелде өкмөт жыйынында бир катар министрлерге, аймактардагы өкмөт өкүлдөрүнө жана акимдерге сын айтылган. Андан кийин кээ бир министрлердин орун басарлары, бөлүм башчылар жана акимдер кызматтан алынган, айрым өкмөт өкүлдөрүнө эскертүү берилген. (EBM)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG