Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Оппозиция митингдеги тартип боюнча милиция менен макулдашты


“Эл үнү” оппозициялык кыймылы 24-апрелге белгиленген митинг маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо, ар кандай чагымчылыкка, жолдун буулушуна жол бербөө боюнча шаардык милиция менен макулдашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ошол күнү күзөткө Биринчи май райондук милициясынан сырткары кайгуул-күзөт кызматынын 200дөй кызматкери тартылат.

“Эл үнү” Ала-Тоо аянтына 24-апрелде 10 миңдей адам чогултуп, Кумтөр боюнча маселе коюларын билдирген.

Аталган кыймыл даярдаган Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары жактырган. Документте "Центерра голд” компаниясынын ортосундагы 2009-жылкы келишимди жокко чыгаруу каралган. Кыймыл бул документти парламентке киргизүү үчүн 10 миң адамдын колун топтогон эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG