Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Эркиндик бульварындагы шектүү баштык боюнча иликтөө уланууда


Бүгүн Бишкекте Конституциялык соттун маңдайындагы Эркиндик бульварында бактын түбүнөн шектүү кара баштык табылган. “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынан кабарлашкандай, бул факт боюнча милиция Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрүн чакырган. Баштык турган жер курчоого алынган. Атайын аппарат менен баштыктын ичинде эмне бар экени аныкталган эмес, атайын үйрөтүлгөн ит дагы барбай, жыттабай койгон. Натыйжада баштык атайын жардырылган. Учурда окуя болгон жер курчалып турат жана текшерүү уланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG