Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

ЕБ Сербия менен мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кылды


Уюмга мүчө мамлекеттерге багытталган мындай сунушту шаркеттин аткаруучу
органы - Еврокомиссия бүгүн жарыяланган баяндамасында жасады.

Биримдиктин кеңейүү маселелери боюнча комиссары Стефан Фүле жаңылыкты мындайча комментарийледи:

- Бул - оюн эрежесин өзгөртүүчү тарыхый күн. Бул Сербия, Косово эле эмес, бүткүл Батыш Балкан чөлкөмү үчүн оюн эрежесин өзгөртөт.

Еврокомиссиянын Сербия боюнча баяндамасында Белград Косово менен мамилесин жакшыртуу багытында олуттуу кадамдарды жасаганын көргөзүп, анын шаркетке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо керектиги айтылган.

Ал эми Косово “кыска мөөнөттөгү приоритеттерин” аткаргандыктан аны менен ассоциация боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо сунуш кылган. Бул өз кезегинде Косового Еврошаркеттин программаларына катышуусуна жол ачат.

Брюсселдин жогорудагы сунуштары алдында Сербия менен Косово өз ара мамилени оңдоону караган келишимге Еврошаркеттин ортомчулугу астында жетишкен эле. Документке ылайык, Косовонун түндүгүндө калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн сербдер полицияга жана башкаруу иштерине тартылышат.

Мунун ордуна сербдер Косовонун борбордук өкмөтүнүн бийлигин тааныйт.

Косово Сербиядан көз карандысыздыгын 2008-жылы жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG