Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Молдова: Сот президенттин чечимин колдогон жок


Молдованын Конституциялык соту мурдагы премьер-министр Влад Филат өкмөт башчы катары иштей албайт, анткени парламент март айында анын өкмөтүнө ишеним көрсөткөн эмес деп чечти. Президент Николае Тимофти 10-апрелде Филатты премьер-министрликке көрсөтүп, жаңы өкмөттү түзүүнү сураган эле. Конституциялык соттун чечиминде Филат коррупцияга аралашты деп шектелип, кызматтан кеткендиктен, президент башка талапкерди премьерликке көрсөтүш керек экени айтылат. Тимофтинин өкүлү соттун чечимин “конституциялык апаат” деп атады.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Филат 25-апрелге жаңы өкмөттү түзүш керек. Соттун чечиминен соң Молдова парламенти таркатылып, жаңы шайлоо өткөрүлүшү керек болот. Себеби Филат башындагы Либерал-демократтык партиянын 31 депутаты Филатты гана колдоорун айтышууда.

XS
SM
MD
LG