Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Сомалидеги жардыруудан кеминде сегиз адам ажал тапты


Сомалинин борбору Могадишо шаарындагы жардыруудан кеминде сегиз адам каза болгону, дагы көптөгөн киши жараат алганы кабарланууда. Расмий бийликтердин айтымында, жардыргыч заттар жүктөлгөн унаа чет өлкөлүктөр отурган башка мамлекеттик унааны келип сүзгөн.

Шаршембиден тарта Могадишонун негизги көчөлөрү жабык эле, себеби радикал исламчыл уюм - “аль-Шабабдын” чабуул жасашы күтүлүп жаткан. Бирок ишемби күнү бардык көчөлөр кайра ачылган. Акыркы кезде Могадишодо жанкечтилердин мындай жардыруулары көп болууда. (AiK)

XS
SM
MD
LG