Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Киши өлүмүнө алып келген жол кырсыктары көбөйдү


Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Кылычбек Мурзалиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, былтыр өлкөдө 5804 жол кырсыгы катталган. Анда 1069 адам ажал таап, дагы 8,5 миңден ашууну ар кандай жаракат алган. Ал эми мурдагы жылы 4318 кырсык болгон, анда 1018 адам өлүп, 6697киши жаракат алган.

Жол кырсыгына кабылган унаалардын 1042ү оң рулдуу болгон. Жыл башынан бери оң рулдуу унаалар 300дөн ашык жол кырсыгына кабылды. Анда 45 адам каза таап, 500дөй адам жаракат алды.

Жогорку Кеңеш 18-апрелдеги жыйынында оң рулдуу унаалар менен эл ташууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Документ президенттин кароосуна жиберилген.

Мыйзам долбоорду иштеп чыккан депутаттар мындай чара жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн керек экенин айтып чыгышкан. Жол коопсуздугун күзөткөндөр кан жолдордо кырсыкка көпчүлүк учурда оң рулдуу унаалар кабыларын билдирип келет.

Бишкекте оң рулдуу унаа менен эл ташууга тыюу салынышына каршы нааразылык акция өткөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG