Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Тамерлан Царнаевдин сөөгү АКШдагы көрүстөндө көмүлдү


АКШ -- Тамерлан Царнаев бокс боюнча бир мелдештен кийин. 4-май, 2009-жыл.
АКШ -- Тамерлан Царнаев бокс боюнча бир мелдештен кийин. 4-май, 2009-жыл.

Бостондогу жардырууларды уюштурган деп шектелген Тамерлан Царнаевдин сөөгү жерге берилди. Массачусетс штатынын полиция өкүлү бул маалыматты бышыктап, коопсуздук маселесинен улам мүрзө дарегин айтуудан баш тарткан эле.

Ал тапта АКШ Конгрессинде Орусияда коопсуздук кызматтары артынан түшкөн Тамерлан Царнаев эмне үчүн америкалык атайын кызматтардын тыкыр көзөмөлүнө алынган эмес деген маселе талкууланды.

Бейшембиде Конгресстеги талкуу маалында Бостондун полиция башчысы Тамерлан Царнаев боюнча Орусия жөнөткөн эскертүү кат тууралуу эч укпаганын моюнга алды.

15-апрелде эки жасалма бомбаны жардырып, 3 кишини өлтүрүп, 200дөн ашуун адамды жарадар кылган деп шектелген бир тууган Царнаевдердин ысымын кандуу окуяга чейин угуп-билбегенин комиссар Эдвард Дэвис ачык айтты. Ал Москвадан андай кат келгенин билгенде, бир туугандар жок дегенде бир жолу суракка алынмак деп кошумчалады.

Орусиянын атайын кызматы 2011-жылы "Тамерлан Царнаев ислам экстремизмине ыктап баратышы мүмкүн" деген мазмундагы эскертүү катты АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы менен Федералдык тергөө бюросуна жөнөткөн экен. ФБРдин тергөөчүлөрү Тамерлан Царнаевдин АКШдагы үйүнө бир ирет барып, аны менен маектешкен соң ишти жаап койгон.

Бейшембиде АКШ Конгрессиндеги угуу маалында экс-сенатор Жозеф Либерман эгерде Американын тийиштүү мекемелери ортосундагы байланыш ойдогудай болгондо, Бостондогу жардырууларды алдын-алуу мүмкүн болмок деп айтты.

- Бул окуяны токтотуп, же алдын алуу мүмкүн беле? Бостондогу жардыруулардын тегерегинде жалпыга жарыяланган маалымат, фактылардын баарын карап чыгып, Бостондогу теракттарды алдын алуу мүмкүн болчу деп айта алам.

Талкуу маалында Өкүлдөр палатасынын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Майкл МакКоул АКШнын коопсуздук мекемелери ич ара маалымат алмашуу ишин 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан кийин эч жакшыртпаганын, жолго койбогонун белгиледи.

- Менин коркконум, Бостондогу бомба жардыруулары – биздин системанын жараксыз экендигин айгинелеши ыктымал. Биз америкалыктарды коргоо ишин жакшыртууга милдеттүүбүз, колубуздан келет ал иш. Дүйнөдө жихад кыймылы кулач жайып бараткан шартта, биздин мекемелер ортосундагы байланышты уюштура албаганыбыз ого бетер кооптондурат.

Конгресстеги угуу маалында саясатчылар коопсуздук мекемелерин минтип сындаганы менен, тергөөчүлөр Царнаевдин шектүү ишмердиги тууралуу маалымат баарына жеткирилген күндө да, эки бир тууган бомба жасап жатканын билмек эмеспиз деген аргументин айтышат.

- Бостон абдан көп улуттуу шаар. Ал жердеги атактуу окуу жайларына жана ооруканаларга келген чет элдиктерден эбегейсиз киреше түшүп турат. Биз аларды жергиликтүү коомго жууруштурулуп, интеграциялоого аракеттенебиз, бирок дүйнө - негизи кооптуу жай. Биз аны моюнга алып, түрдүү нерселерге жакшыраак даярданышыбыз керек, - деди Бостондун полиция башчысы, комиссар Эдвард Дэвис Конгрессте.

Ал тапта маркум Тамерлан Царнаевдин былтыр Орусиядагы алты айлык сапарын иликтеп жаткан тергөөчүлөр анын Дагестандагы тууганы Магомед Карташовду суракка алганы маалым болду. Карташов былтыр Тамерлан менен бирге көп убакыт өткөргөн экен, ал Дагестандагы белгилүү “Адилеттүүлөр биримдиги” аттуу исламдык кыймылды жетектейт.

Жума күнү кечирээк CNN телеканалы Тамерландын сөөгү Виржиния штатындагы мусулмандар жайына көмүлгөнүн кабарлады. Эки жумадан бери сөөктү алып кетчү киши чыкпай, же кабыл алчу жай табылбай, Массачусэтс штатындагы моргдо жатып калган маркумду агасы Руслан Царни (атасынын иниси) үч досу менен барып алып кетип, сөөгүн жууп-кепиндеп, мусулмандарча жерге бергенин тергөөгө жакын булакка шилтеме жасап, америкалык журналисттер кабарлашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG