Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Татарстанда "ал-Иклас" уюмуна тыюу салынды


Татарстандын Жогорку Соту  “ал-Иклас” мусулман уюмун “экстремисттик иштерди жасайт” деп тыйды. Шаршемби күнү Казан шаарында болгон сот жараянына “ал-Икластын” 50дөй мүчөсү катышты жана  алар соттун өкүмү боюнча доо арыз берерин билдиришти. Быйыл январда Казандын полициясы “ал-икласчылар” жамаатын шаардык бийликке караштуу мечитти “оңдойбуз деген убадасында турбады” деп ибадатканасыз калтырган.

2009-жылы “ал-Иклас” мечитинин имамы Рустем Сафин тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюму менен кызматташкан деп күнөөлөнүп, шарттуу кесилген. Имам ошондой эле динзарларды мыйзамсыз чогулткан жана экстремистчил ислам уюмдарына таандык символдорду колдонгон деп айыпталган.

 

XS
SM
MD
LG