Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Стамбулда Сирия оппозициясынын үч күндүк жыйыны ачылды


Сирия улуттук коалициянын өкүлдөрү Сириядагы согушту токтотуу боюнча Орусия жана АКШ уюштурган конференцияга катышуу маселесин талкууламакчы. Анын алдында Иорданияда президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн козголоңчуларды тааныган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кездешти. “Сириянын достору” деп аталган топтогу бул өлкөлөр Иранды жана Ливандын "Хезболла" уюмун өз аскерлерин Сириядан чыгарып кеткенге үндөдү жана алар региондогу стабилдүүлүккө коркунуч туудурганын эскертишти.

Эгер Сириядагы кризисти саясий жол менен токтотуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаганга көнбөсө, Вашингтон сириялык эрегишчилерди колдоону күчөтөт. Бул жөнүндө АКШ мамкатчысы Жон Керри билдирди.

XS
SM
MD
LG