Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Экс-министр Сабировдун 80 жаштагы апасы да ачкачылык жарыялады


Камактагы экс-министр Равшан Сабировдун апасы, 80 жаштагы Анар Сабирова да ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу ал "Азаттыктын" кабарчысына билдирди. Уулунун бошотулушун талап кылган эне "Ата-Мекен" партиясынын жетекчилиги менен жолугушуу уюштурууну да суранып жатат. Анар Сабирова уул-кыздары, Равшан Сабировдун уулдары менен бирге ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясында турат. Жалпысынан 30дай киши чогулганын кабарчыбыз айтууда.

Жогорку Сот Сабировду кыргызстандык балдарды чет элдик жарандар тарабынан асыроо системасындагы коррупцияга аралашкан деп айыптап 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечимди күчүндө калтырган.

27-майда №47 колонияда камалып жаткан Сабиров соттук чечимге каршылыгын билдирип кургак ачкачылык жарыялаган болчу. Кечээ анын ден соолугу начарлап, мурдунан кан агып жатканын туугандары "Азаттыкка" кабарлаган. Сабиров 2010-жылы "Ата-Мекен" партиясы аркылуу Жогорку Кеңеш депутаты болуп шайланган, кийин министр болуп дайындалган. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG