Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Санкт-Петербургда "Орус Давосу" өтүүдө


Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эл аралык экономикалык форум өтүүдө. “Глобалдык экномиканын перспективалары – чечкиндүү кадамдардын убагы” деген темага арналган. Эки күндүк форумдун бюджети бир миллиард рублди түздү.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча форумга төрт миңден көп катышуучу келген. Алардын арасында дүйнөлүк бизнестин өкүлдөрү да бар. Петербургга саясатчылардын делегациялары да келген. Германиянын өкүлү катары канцлер Ангела Меркел, Нидерландыдан премьер-министр Марк Рютте келди.

Жолугушуунун катышуучулары Орусиянын президенти Владимир Путин экинчи жарым жылдыкта Орусиянын экономикасын кандай көрөөрү тууралуу баяндама жасайт деп күтүшүүдө.

Өткөн жылы “Орус Давосунда” 360 миллиарддан көп рублга контракттарга кол коюлган. (AiK)

XS
SM
MD
LG