Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Кыргыз жарандары Түркия аркылуу Сирияга кеткени тастыкталды


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Маметбек Мырзабаев “Азаттыктагы” маегинде кыргызстандык жарандар Түркия аркылуу Сирияга  кеткени тастыкталганын билдирди. Ага ылайык, Түркия прокуратурасы 9 жарандын чек арадан өткөнүн аныктаган.  Эгер алар кайра Сириядан Түркияга кайта турган болсо чек арадан мыйсамсыз өткөнүнө байланышуу камакка алынмакчы.

Буга чейин Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын март айында 10дой адам Сирияга кеткени маалым болгон. Алардын экөө кайра кайтып келген. Кеткендердин аты-жөнү да такталган, алардын эң жашы 18, ал эми улуусу 36 жашта.

Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Түркияга нота жөнөтүп, аларды таап мекенине кайтарууну суранган болчу. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG