Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Кытай Кыргызстанга аскердик техникадан жардам берүүнү улантат


Бүгүн Кыргызстандын Коргоо министрлигине караштуу Бишкектен тоо этек ылдый Кой-Таштагы аскер бөлүктөгү Кытайдан келген аскердик-техникалык жабдуулар тапшырылат. Иш-чарага эки өлкөнүн коргоо министрлери катышат.

Расмий маалыматка ылайык, 1999-жылдан бери Кытай Кыргызстанга 11 миллион долларлык аскердик жабдуу жактан жардам көрсөткөн. Ошондой эле 2011-жылдагы эки тараптуу макулдашууга ылайык, расмий Бээжин Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери үчүн үй курууга 75 миллион юань берген. Учурда 54 батирлүү көп кабаттуу эки үй курулуп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG