Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Бишкекте сөз эркиндигине арналган жыйын өтүп жатат


Бишкекте Борбор Азиядагы сөз эркиндигине арналган эл аралык жыйын өтүп жатат. Аны Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму уюштурду. Аймактагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын соңку 15 жылда басып өткөн жолу, бүгүнкү абалы, көйгөйлөрү жана жетишкендиктери талкууланууда.

Жыйынга катышкан Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Эрнис Оторбаев Борбор Азиядагы башка республикаларга салыштырганда Кыргызстанда сөз эркиндиги туруктуу калыптанып калганын айтты. Цензура жок экенин, жеке телерадиоканалдар жана гезиттерге бийлик тарабынан басым жасалбасын кошумчалады. (AKu/RK)

XS
SM
MD
LG