Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 01:04

Евробиримдик Сербиянын мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого уруксат берди


Солдон оңдо: Еврошаркеттин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон, немис канцлери Ангела Меркел жана Евробиримдиктин президенти Херман Ван Рөмпөй Брюсселдеги талкуунун алдында, 28-июнь, 2013
Евробиримдиктин президенти Херман Ван Рөмпөй “Сербиянын шаркетке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөргө старт берилгенин” кабарлады. Бул тууралуу президент Рөмпөй “Твиттер” аркылуу кабарлады.

Маселени Евробиримдиктин лидерлери бүгүн Брюсселдеги саммитинде карап жатышкан. Эми мүчөлүк жөнүндөгү талкуулар январга чейин башталышы керек.

Биримдикке мүчөлүк алуунун башкы талабы катары “Сербиядан бөлүнүп, көз карандысыздык жарыялаган Косово менен эми Сербиянын жетекчилиги мамилесин оңдошу керек” деп айтылган.

XS
SM
MD
LG