Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Куткаруучулар күнү белгиленет


Бүгүн Бишкекте куткаруучулардын кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Шаардын Түштүк дарбазасындагы паркта уюштурулган салтанатка парламенттен жана өкмөттөн өкүлдөр келип катышат.

Жыл башынан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам кызматтары 151 адамды куткарып калган. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Беш ай ичинде куткаруучулар 99 адамдын өмүрүн сактап калган. Алардын 51и жол кырсыгынан, 44ү ар кандай коркунуч туурдурган жагдайдан, төртөө суудан аман калган. Баары болуп 585 адамга жардам берилген. Алардын 114үнө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. (RK/ST)

XS
SM
MD
LG