Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Аксуулуктар митингдерге каршы


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургундары туристтик сезон учурунда ар кандай митингдерге каршы экенин билдирип, мамлекеттик жетекчилерге, парламентке, жалпы элге жана маалымат каражаттарына кайрылуу жолдошту.

Анда “Ак-Суу району өлкөнүн экономикалык туруктуу өнүгүүсү жөнүндөгү Жол картасына ылайык күрдөөлдүү иштеп жатканы” айтылып, бардык мекендештерди мыйзамды сактоого жана сыйлоого чакырышкан. Ошондой эле кайрылуу ээлери чет элдик инвесторлорду саясий туруксуздуктан улам өлкөдөн кетүүгө аргасыз кылууга да каршы экендиктерин, өкмөт өз пайдасы үчүн саясий оюндарды жүргүзүп жаткандарды тиешелүү жоопкерчиликке тартат деген ишеничин билдиришкен.

Ысык-Көл облусунда өткөн айда Кумтөр алтын кенин иштетүүгө байланыштуу бир катар митингдер болгон. Кийинчерээк облустагы өкмөттүн өкүлү болуп мурдагы оппозиционер Эмилбек Каптагаевдин дайындалышына нааразылык акциялары болгон. Адистер аймактагы саясий туруксуздук Ысык-Көлдөгү туристтик сезонду үзгүлтүккө учуратарын белгилеп келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG