Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Боливиянын президентинин учагы Сноудендин айынан Венага конду


Орусиядагы сапарынан кетип бараткан Боливиянын президенти Эва Моралес Венага конууга аргасыз болду. Боливиянын тышкы иштер министри Давид Чокехуанканын айтымында, президенттин учагында учурда Орусияда жашынып жаткан АКШ чалгын кызматынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден болушу мүмкүн деген шек менен Франция жана Португалия өз аймагынан учууга тыюу салган.

Чокехуанка мындай шектенүүлөр негизсиз экенин, Сноудендин учакта болбогонун айтып чыкты. Боливиянын президенти Москвада өткөн газ-экспорттоочулар жыйынынан өз өлкөсүнө кайтып бараткан. Ал орус телеканалдарына берген маегинде Сноуденге башпаанек берүүгө даяр экенин билдирген болчу.

Бир апта мурун Гонконгдон учуп чыккан Сноуден учурда Москвадагы “Шереметьево” аба майданынын транзиттик аймагында турат. Ага өз мекенинде америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалары тууралуу маалыматты ашкерелегени үчүн издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG