Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

ЖОЖдорго студенттерди кабыл алуу өнөктүгү башталды


Бүгүн Кыргызстандагы бардык ЖОЖдордо студенттерди кабыл алуу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, бүгүн жана эртең кабыл алуунун биринчи туру, 15-июлдан 20-июлга чейин экинчи туру өтөт. Бул күндөрү жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан абитуриенттер андагы жыйынтык талондорун окуу жайларга тапшырат. Быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, университеттерде акысыз билим алуу үчүн эң төмөнкү балл 110 болсо, келишимдик негиздеги билим алуу үчүн 105 балл топтогондор гана талонун таштай алат.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 55 миңге мектеп бүтүрүүчүсү катышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG