Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Египеттин утурумдук өкмөтү түзүлүүдө


Президент Мухаммед Мурси элдик нааразылыктан улам, 4-июнда армия тарабынан бийликтен кулатылган. Өлкөнүн армия дайындаган утурумдук башчысы Адли Мансурдун өкүлүнүн билдиришинче, жаңы өкмөткө исламчылар, анын ичинде “Мусулман агайындардын” Эркиндик жана адилеттик партиясы да чакырылат. Кечээ Египеттин мурдагы финансы министри Хазем Беблави премьер-министр, МАГАТЭнин экс-директору Мухаммед Барадей тышкы саясат боюнча вице-президент болуп дайындалды. Шейшемби күнү “Мусулман агайындар” кыймылы Мансурдун парламенттик шайлоону алты айдын ичинде өткөрүү боюнча декаларациясын четке какты. Кошмо Штаттар колдогон береги декларацияны ал-Барадей башындагы Улуттук куткаруу фронту да жактырган жок. Бу тушта Бириккен Араб Эмирлиги менен Сауд Арабиясы Египетке 6 миллиард долларлык грант жана насыя сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG