Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Аксы милициясынын убактылуу кармоо жайындагы өлүм иликтенүүдө


Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмү 13-июлда Аксы райондук ички иштер бөлүмүндө болгон окуяны териштирүүдө. Прокуратуранын маалыматына караганда, бул күнү түшкө маал майда бейбаштык жасаган деген шек менен райондун Жерге-Тал айылынын тургуну И.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Бирок нөөмөтчүлөрдүн жоопкерчиликсиздигинен кармалган адам өз жанына кол салган. Асынып өлгөн бул жарандын сөөгү 14-июлда таңга жуук камерадан табылган.(YA/RK)

 

XS
SM
MD
LG