Йеменде пилотсуз учактын (дрондун) кол салуусунда "ал-Каиданын" төрага орун басары өлтүрүлгөнү кабарланууда.
"Араб жарым аралынын ал-Каидасы" деп аталган уюшма АКШнын пилотсуз учак чабуулунан өзүнүн жол башчысынын орун басары өлтүрүлгөнүн бышыктады. Бүгүн интернет видеосунда бул уюмдун улук өкүлү Ибрахим ал-Рубаиш Абу Суфян ал-Азди деген ат менен белгилүү болгон Саид ал-Шехри курман болгонун билдирди.
Йемен өкмөтү буга чейин теги саударавиялык ал-Шехрини бир нече жолу «өлдү» деп жарыялаган. Вашингтондук «Жаңы Америка Корунун» санагында, АКШ Йеменде былтыр пилотсуз учактан 50дөн ашык чабуул жасады.