Таласта Жамбыл тарапка кетчү сугат канал кайра ачылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук бийликтен кабарлашты.
Каналды ачуу чечими кечээ сууну бууп турган жергиликтүү тургандар менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынып, кечке жуук суу кайрадан мурдагыдай казак тарапка кете баштады. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, учурда бул нааразылык акциясын уюштургандардын талаптары боюнча иш жүрүп жатат.
7-июлдан бери Таластын Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын айрым тургундары Жамбылга кетчү сугат каналды бууп турду. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгууда.
16-июлда Бишкектеги казак элчилиги билдирүү таратып, каналдын буулуп турушун тартип бузуу деп атаган. Мунун өзү чек арадагы суу ресурстарын бирге пайдалануу келишимдерине жана эл аралык укук нормаларына карама-каршы келээрин билдирген. (RK)