Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектин дарыгерлер тобун Нарындын алыскы айылдарында жашаган элдин ден соолугун текшерип келүүгө жөнөттү. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, алар облустук борбордон 60-150 чакырым алыс жайгашкан Нарын жана Кочкор райондорунун Лахоз, Кара-Жылга, Жер-Көчкү, Өрүк-Там жана Ак-Кыя айылдарында болот. Жугуштуу эмес дарттарга жана боорду жабыркаткан мите ооруларына чалдыккандарды аныкташат. Анча оор эместерин ошол жерден дарылап, операция жасашат. Ал эми катуу сыркоолор борборго жөнөтүлөт.
Дарыгерлер биригадасы 4 хирургдан жана кардиолог, кардиоревматолог, акушер-гинеколог, невролог, педиатрдан турат. (RK)
Дарыгерлер биригадасы 4 хирургдан жана кардиолог, кардиоревматолог, акушер-гинеколог, невролог, педиатрдан турат. (RK)