Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:19

Нарын дарыясына агып кеткен 5 адам табыла элек


Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 2-июлда Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын алты тургуну балык уулап жүрүп, Нарын дарыясына агып кеткен. Алардын бирин ошол күнү дарыя жээгинде жүргөндөр куткарып алган. Ал эми калган 5 адамдын дайыны белгисиз бойдон калууда. Аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана жакындары издеп жатышат. Бирок азырынча дарыя агызып кеткен 19-23 жаштагы беш бала табылбай жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG