Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Казакстанга электр энергиясы 4 центтен экспорттоло баштады


Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, Кыргызстан бүгүнтөн баштап Казакстанга 1 кВт саат электр энергиясын төрт центтен (1 сом 96 тыйын)сата баштады. Мурда экспорттолгон энергетиканын баасы 0,028 доллар болчу. Бааны көтөрүү боюнча макулдашуу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жетишилди.

Мындан сырткары Бишкек ТЭЦине 450 миң тонна Шабыркүл көмүрү 42,5 доллардан алып келинет.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу электр энергиясын экспорттоо да кыйынчылыкка учурап жатканы айтылган. Учурда суунун көлөмү аталган суу сактагычта 14,7 млрд. кубметрди түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG