Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Политковскаянын өлүмү боюнча сот башталды


Москва сотунда таанымал журналист Анна Политковскаянын өлүмү боюнча иш карала баштады. Жараян Политковскаянын балдарынын сотту артка жылдыра туруу боюнча өтүнүчүнө карабай шаршембиде башталды. Өтүнүч орундалбаганына жана соттун курамы тууралуу маалымат берилбегенине нааразы болгон маркумдун уулу Илья менен кызы Вера жараянды мыйзамсыз деп атап, мындан аркы жараяндарга катышпай турганын билдирди.

Таанымал журналист 2006-жылы киши колдуу болуп өлгөн. Политковскаяны өлтүрдү деп 4 чеченстандык жаран жана мурдагы полиция кызматкери Сергей Хаджикурбанов айыпталууда. Алар шаршембидеги жараянда күнөөлөрүн мойнуна алышкан жок. Чеченстандагы адам укуктарын бузууларды изилдеп таанылган Анна Политковская Москвада, үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG