Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:12

Ленин райсоту Түлеевге чечим чыгаруусу күтүлүүдө


Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге бүгүн сот чечими чыгары күтүлүүдө.
Өткөн соттук териштирүүлөрдө мамлекеттик айыптоо Түлеев менен кошо айыпталып жаткан мэрия кызматкерлерин 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган.
Депутат жана жактоочулар айыпталуучулардын күнөөсү далилденбегенин билдирип келишет.

Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген учурда Кытайдан 200 автобусту алып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөндөн кийин дагы “таштанды ташуучу унааны сатып алууда бюджетке зыян келтирген” деген айып тагылып, тергөө абагында калган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG