Мындай маалыматты вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтуусунда, электр энергиясы кымбаттаган күндө да карапайым калк үчүн көтөрүлбөйт, бааларды ишканаларга жана электр энергиясын жылуулук үчүн пайдалангандарга көтөрүү сунушталууда.
Тайырбек Сарпашев быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында суу аздыгын жана бюджетте 2,5 млрд. сом таңкыстык бардыгын белгилеп, быйыл кыштан чыгуу үчүн суу сактагычта кышка чейин кеминде 15,5 млрд. кубметр суу болуусу зарылдыгын айтты. Вице-премьер-министрдин айтуусунда, эгер жазында суунун көлөмү 8 млрд. метр кубдан азайып кетсе, кийинки жылы кыйынчылыктар болушу ыктымал.
“Электр станциялары” ишканасынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд. 807 млн. метр куб. Бул өткөн жылкы көрсөткүчкө караганда 2 млрд.дан ашуун метр кубга аз. 2009-жылы жаз айларында суу сактагычтагы суунун көлөмү 7,5 млрд. метр кубга чейин азайып, өкмөт электр энергиясын чектөөгө аргасыз болгон.(ZKo)