Фестивал райондун деңиз деңгээлинен 3700 метр бийиктикте жайгашкан Ачык-Таш аймагында 7-августта өтөт. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттыкка" маалымдашкандай, азыр иш-чарага даярдык көрүлүүдө. Анын алкагында 45 чакырым жол оңдолот, коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Фестивалды өткөрүү үчүн облустук бийликтен 100 миң сом бөлүнүүдө. Анда кол өнөрчүлүк буюмдардын жарманке-көргөзмөсү, улуттук спорт оюндары, концерттик программалар жана альпинисттик объектилер боюнча саякат уюштурулат.(ZKo)