Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Кеминде эки гектар буудай талаа күйүп кетти


Чүйдүн Кемин районунда кечээ өрт кырсыгында эки гектар жерге айдалган буудай күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, кырсык 31-июлда түштөн кийин Бороонбай капчыгайында катталган. Өрт өчүргүчтөрдүн жардамы менен 18 гектар буудай талаа сакталып калды, адам өмүрүнө зыян тийген жок. Соңку суткада Кыргызстандын аймагында жалпы эсеп менен алганда 21 өрт кырсыгы катталды. Адамдарга залака тийген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG