Ооганстандын чыгышында мина жарылып, 16 адам жараат алды. Бомба аралыктан башкарылып, Желалабад шаарындагы бир жолдо жарылган.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Нангахар провинциясынын прокурору, анын 4 жансакчысы жана 10 жергиликтүү жашоочу жарадар болгонун кабарлашты.
Ишемби күнү ушул эле шаарда жардыруудан 9 адам мерт кетти, алардын 8 – балдар. Дагы 22 адам жарадар болгон. Үч жанкечти Индиянын консулдугунун жанында унааны жардырышкан. Чет элдик дипломаттардан эч ким жабыркаган эмес.