Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Лондондо жасалма эттен жасалган бифштекс бышырылды


Нидерландиядагы лабораторияда уйдун клетка сөңгөгүнөн өстүрүлгөн этти эки ыктыярчы эл алдында жеди. Алардын бири, АКШ жазуучусу Жош Шонвольд “оозунда эттей сезилгени менен даамы такыр бөлөк экенин” айтты. Илимпоздор синтетикалык этти жасоо үчүн түрдүү изилдөөлөргө беш жылда 320 миң доллар коротушкан. Окумуштуулардын айтымында, илимий жол менен эт өстүрүү жаратылышка эч кандай зыян келтирбейт. Оксфорд университетинин изилдөөсүнө караганда, мал жандыктарын өстүрүүгө дүйнөдөгү кургактыктын 30 процентке жакыны пайдаланылат жана аларды багып-өстүрүү маалында бөлүнгөн зыяндуу газдар абага бөлүнгөн өндүрүштүк газдардын 18 процентин түзөт.

XS
SM
MD
LG