Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

АКШнын чет өлкөлөрдөгү 25 өкүлчүлүгү ишин убактылуу токтотту


АКШ жана Европанын бир катар мамлекеттери ыктымал террордук коркунучтардан улам Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы бир катар мамлекеттерде жайгашкан өкүлчүлүктөрүн убактылуу жапканы кабарланууда. Конгресстин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Майкл Маккол АКШнын чалгын кызматтарынын маалыматы 2001-жылдын 11-сентябрынан берки эң кооптуу коркунуч” деп билдирди. АКШ мамкатчылыгынын өкүлү Мари Харф:

- Биздин аракеттерибиз биздин адамдарыбызды, өкүлчүлүктөрүбүздү ар кандай жамандыктан сактоо үчүн алдын ала жасалган кадам болуп эсептелет, -деди.

Чалгын кызматтарынын маалыматы боюнча "ал-Каиданын" лидери Айман ал-Завахири менен анын Йемендеги кишилеринин террордук кол салуу тууралуу сүйлөшүүлөрү көзөмөлдөнүп турган.

Буга байланыштуу АКШ чет өлкөлөрдөгү 25 өкүлчүлүгүнүн ишин убактылуу токтотту. Ошондой эле Британия, Франция, Германия жана Норвегия да Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы элчиликтерин убактылуу жабышты.

XS
SM
MD
LG