Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Канттагы мушташ боюнча акыйкатчыга даттанышты


4-августта Кант шаарында тургундар ортосунда чыккан мушташ боюнча Акыйкатчы институтуна арыз түштү. Акыйкатчыга даттанып келген Тофик Мамедовдун "Азаттыкка" билдиришинче, Юрьевка айылынын тургундары алардын үй-бүлөсүнө кысым жасап жатат. Анын айтымында, 4-августта түрк улутундагы туугандары Задихан Зейсуров менен агасы Радиханга 10го жакын кыргыз улутундагы такси айдоочу кол көтөргөн. Ортодогу чатак автобекетте кардар талаштан чыккан.

Жабыр тарткандар милицияга арыз жазган. Алардын айтымында, милиция ишти иликтей баштаганда Зейсуров жашаган Юрьевка айылынын ондогон тургундары кысым көрсөтүү менен милицияга жазган арызын кайтарып алууга мажбур кылышкан. Мамедов коркутуулар уланып жатканын айтып, бийликтен чара көрүүнү суранууда.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан мындай окуя катталганын «Азаттыкка» тастыкташты. Мекеменин маалымат кызмат өкүлү Айбек Арзыматовдун кабарлашынча, бул окуя боюнча бир жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда жабырлануучулар тосмо арыз жазганына байланыштуу ишти жабуу каралып жатканын милициядан кошумчалашты. (BkA)

XS
SM
MD
LG