Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, ишти Тоң райондук ички иштер бөлүмү козгоду. Учурда териштирүү жүрүп жатат. Беш журналист жана эки велосипедченди коюп кеткен унаанын айдоочусу тил кат менен кое берилди.
10-августта Балыкчы-Каракол жолунда веложарышты чагылдырганы барган беш журналистти жана жарышка катышкан эки жергиликтүүнү машине коюп кеткен. Азыр журналисттердин бирөөсү Бишкектеги республикалык ооруканада, анын башы жарылган. Буту сынган жана башка ар кандай жараат алган калган журналисттер үйүндө дарыланып жатат. (BkA)