Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Египеттеги кагылышта 280дей адам өлдү


Египеттин бийликтен кулатылган президенти Мухаммед Мурсинин жактоочулары менен коопсуздук күчтөрү ортосунда болгон бүгүнкү кагылышта 280ге чукул адам мертинди. Бийликтердин айтымында, алардын 235и жарандар жана 43ү коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери.

Мурси жетекчилигине кирген “Мусулман агайындар” кыймылы өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу ыктымал экенин айтууда. Армия колдогон бийлик кандуу булоонго байланыштуу бир айга чукул кырдаал абалын жарыялады. Кан төгүүгө нааразылык ирети, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мухаммед ал-Барадейи вице-президенттиктен кетти. Кандуу коогалаңды Түркия, Иран, АКШ, Евробиримдик сындады. Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Глазгодо сүйлөп, каршы тараптарды элдешүүгө үндөдү:

– Зобун-зордук эч нерсени чечпейт. Египет чыныгы демократияга чындап өтүүсү абзел. Бул бардык тараптар: президент Мурсинин жактоочулары жана армия мунасага барышы керек дегенди түшүндүрөт. Биз бул коогалаңды колдобойбуз. Биз аны толук айыптайбыз. Бул маселени чечпейт.

XS
SM
MD
LG