Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити аяктады


Азербайжандын Габала шаарындагы түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин үчүнчү саммити аяктады. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ага Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркия президенттери катышты. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызмаштыгын өнүктүрүү тууралуу жана бул кеңештин баш катчысы Халил Акынжынын ыйгарым укуктарын узартуу боюнча декларацияга кол коюшту.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркия мүчө. Өткөн жылы түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине Кыргызстан төрагалык кылган. Бул жылы ал милдет Азербайжанга өткөрүлүп берилди.(BkA\AKu)

XS
SM
MD
LG